Финпол бүгүн эртең жоюлат дегенден алысмын, бирок каралып жатат. Бул тууралуу премьер-министрликке сунушталып жаткан Улукбек Марипов билдирди.
«Финпол боюнча азыр мен так айтпайм, бирок, алардын функциясын кыскартуу тууралуу маселелер каралып жатат. Мына бүгүн өкмөттүн түзүмү бекирди, эми Финпол жана башка ведомстволор өкмөттүн структурасына кирбейт, алар өкмөттүн адындагы мекемелер. Бул боюнча ар бир министрлик сунуштарын бергенден кийин тактап чыгабыз», — дейт Марипов.