• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Маршрутканын айдоочулары: «Биздин көйгөйүбүздү чечип бермейинче, ишке чыкпайбыз»

2 Чын куран 2018 15:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.04.2018.Govori.TV

Бүгүн, 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришип, бул көйгөйдү чечип бермейинче, ишке чыкпай тургандыгын билдиришти.

Ал эми Бишкек мэриясы маршруттук такси айдоочулардын жана эл ташуучу фирма-ишканалардын коюп жаткан талаптарынын бири да аткарылбасын маалымдады. Анда айтылгандай, 1-апрелде өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди.
Ага ылайык, «кооптуу жүк ташыгандар, жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек, албаса 500 сом айып пул салынат же машинелери айып жайына токтотулат. Жүргүнчү ташыган айдоочулар, таксисттер машинесиндеги ар бир орунду камсыздандыруусу тийиш экендиги айтылды.

Количество просмотров: 33