• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Маршрутканын айнегине бети менен жабышкан баланын сүрөтү талкууга алынды

16 Аяк оона 201915:46 Бишкек Govori.TV

Жаш баланын бети маршруттук унаанын айнегине жабышкан сүрөт интернет тармагында жарыяланып, катуу талкууга алынган. Буга чейин жарыяланган сүрөт Каракол шаарында тартылганы айтылган эле.

Ал эми бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматы жогоруда сүрөт Кыргызстанда тартылган эмес деген билдирүү таратышты.

Маалыматка ылайык, аталган мекеме Кыргызстандагы баардык маршруттук таксилерди текшерип чыгышкан. №6-маршруттук такси өлкөнүн аймагында жок экендиги аныкталган.

Количество просмотров: 350