• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Маршруттук такси кырсыкка учурап, 7 адам жабыркаган

16 Чын куран 2019 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Ош облусунун Кара-Суу районунда жүргүнчү ташыган маршруттук такси кырсыкка учурап, 7 адам жабыркаган. Бул тууралуу республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-апрелде саат 10:30 чамасындагы Бишкек-Ош унаа жолунун 650-чакырымында болгон.

«51 жаштагы айдоочу Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү маршруттук такси менен Ош шаарына бара жаткан. Жолдо айдоочу унааны башкара албай, эгин талаасына кирип кетип кырсыктаган. Унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн төртөө денесинен ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылган. Тиешелүү материалдар Кара-Суу РИИБине өткөрүлүп берилип, тергөө иш амалдары башталган. Кырсыктан кийин дагы 3 адам өзүн жаман сезип ооруканага кайрылышкан. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Теги:
Количество просмотров: 17