Мас болуп чыр салды делген Зууракан Каденованын учактагы видеосу тарады
Мас болуп чыр салды делген Зууракан Каденованын учактагы видеосу тарады
24 Аяк оона 2018 14:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.09.2018. Govori.TV
Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин мурунку орун басары Зууракан Каденова Кореядагы Инчхон аба майданында болгон окуянын видеосун 24.kg сайты жарыяланды.
Эскерте кетсек, депутат Аида Исмаилова Сеулда жогорку кызматта иштеген кыргызстандык мас аял бир сааттан ашык жаңжал салып, анын айынан Алматыга уча турган учак эки саат кармалып калганын айткан. Кийинчерээк ал эмгек, социалдык өнүгүү министринин орун басары Зуура Каденова экени белгилүү болгон.
Бул окуядан кийин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Ал эми бул окуяга байланыштуу Зууракан Каденова мас эмес экендигин айтып,түшүндүрмө берген.
“GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, …