• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Масалиев: 30 жылдан бери мыйзамды бузбай отургандар жаза тартат

25 Чын куран 2023 11:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-апрелдеги Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынынында, «Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлү жол жээгинде мыйзамсыз иш жүргүзүүгө берилген объектилерди тазалоо керектигине токтолду.

Анда Исхак Масалиев буга чейин мыйзамсыз берилген жол жегинде иш жүргүзүп жаткандарды жерди бошотууда алардын нааразычылыгын жаратаарына токтолду.

«30 жылдан бери мыйзамды бузбай отургандар жаза тартат. Ал эми мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандар иштей берет. Башынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек эле», — деди Масалиев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

Количество просмотров: 111