• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Машина уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

13 Аяк оона 2021 14:26 Бишкек Govori.TV

Кара-Көлдө машина уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБне 27 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2021-жылдын 10-август күнү саат 23:30 чамасында кичи футбол аянтчасында токтоп турган ВАЗ 2103 үлгүсүндөгү автоунаасын ачкычы ичинде турган учурда белгисиз адам уурдап айдап кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки
өндүрүш иши ачылган.

Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы окуяга шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган Кара-
Көл шаарынын тургуну 1994-ж.т. Т.Н. кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 274