• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Матраимов ооруканадан абакка которулду

1 Чын куран 202119:06 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов ооруканадан ИК47-түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов «Бикард» клиникасына жаткырылгандан кийин ИК47-түзөтүү колониясына которулду.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 18-февралында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Р.Матраимов УКМКнын кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Количество просмотров: 255