• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Матраимовдордун кармалышы. УКМК фейк маалымат тараткандарга эскертүү берди

28 Жалган куран 2024 16:50 Бишкек Govori.TV

УКМК бир тууган Матраимовдордун кармалышы боюнча интернет жана социалдык тармактардын кыргыз сегментинде деструктивдүү адамдар жана фейк аккаунттар тарабынан алардын кылмыштуу ишин актоо боюнча жалган маалыматтарды жайылтуу фактылары байкалып жатканын билдирди.

«Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн имиджине, прогрессивдүү өнүгүшүнө жана туруктуулугуна коркунуч алып келет. Мындан улам, КР УКМК интернет тармагынын колдонуучуларын бул факт боюнча чагымчыл инсинуацияларды жайылтуудан алыс болууга чакырат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян алып келиши мүмкүн болгон аракеттер үчүн кылмыш жана башка жоопкерчиликтер каралганын эскертет!»,-деп жазылат маалыматта.

25-мартта КР УКМК Азербайжан Республикасынын атайын кызматтары менен биргеликте Баку шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдорду кармаган. Учурда Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана 222-беренеси “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 137