• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Матраимовдун жүрөгүнө операция жасалат

3 Жалган куран 2021 15:45 Бишкек Govori.TV

Райым Матрамовдун жүрөгүнө операция жасоо пландалган. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып жазды.

Матраимов Бишкектеги жеке клиникада дарыланууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, ага кооптуу гипертония жана стенокардия диагнозу коюлган, анын абалы орто оор деп бааланууда. Ошондуктан, ага операция жасоо пландалып жатат.

Матраимов 2020-жылдын октябрь айында бажыдагы коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал 2 миллиард сом өлчөмүндөгү зыянды төлөп берген.

Февраль айында ал кайрадан камакка алынган. Бул жолу кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана адалдоо боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Количество просмотров: 236