• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мавлянова: «Коопсуз шаар» долбоору экономикага пайда алып келет

20 Бештин айы 2018 12:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 20.12.2018. Govori.TV

Кечээ Жогорку Кеңеште “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын укту. Долбоорду ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралып, 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашып баштай турган болду. 18-декабрь күнү Кыргызстанга “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түшкөн.

«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега» радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Вега” компаниясы долбоорду аткарууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамай болду. Бул болжолдогондон 230 млн сомго арзан түшкөн. Долбоор 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт. Бул тууралуу парламентте биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Бул тууралуу эл өкүлү Махабат Мавлянова өз пикирин билдирип, аталган долбоор өлкө үчүн эң эле пайдалуу боло турганын айтты.

“Бул долбоор абдан жакшы. Мамлекетке экономикалык жактан дагы пайдалуу. Себеби, мамлекеттин эсебинен бир сом дагы коробойт жана насыя албайт. Жалаң гана инвесторлордун эсебинен ишке ашырылат. Ошол кезде айып пулдан түшкөн каражаттын 70 пайызы мамлекеттин бюджетине түшөт”,-дейт.

Мындан сырткары коңшу өлкөлөр “Коопсуз шаар” долбоорун биздин мамлекеттикине салыштырмалуу бир канча эсеге аз суммадагы каражатка ашырганын жана учурда анын үзүрү кайтып жатканын кошумчалады.

“Тажикстанды алып карасак, 12 миллион долларга Кыргызстандагыдай эле Душанбе шаарына коопсуздуктун системасын орнотушкан. Алар 3 жылда насыяны кайтарып эле тим болбостон, кошумча 50 миллиондун тегерегинде пайдасын көрүп калды”,-дейт Мавлянова.

Количество просмотров: 36