• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Медиа коомчулук: Темиров Live командасынын журналисттерине багытталган максаттуу куугунтук уланууда

2 Бирдин айы 2022 12:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын медиа коомчулугунун жана жарандык коомунун

Билдирмеси

Кыргызстанда Темиров Live командасынын журналисттерине, иликтөөчү
журналист Болот Темировго жана акын Болот Назаровго багытталган максаттуу куугунтук уланууда.

20-январь күнү Темиров Live Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамдарынын, анын ичинде анын жээнинин мунай ишкердиги тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялады.

22-январдын кечинде куралданган беткапчан адамдар Темиров Live кеңсесине кирип келишкен. Алар чыга турган жолдорду жаап, Болот Темировду жана бүт кеңсени тинтүүгө алышкан. Андан соң мурдагы жана азыркы аткаминерлердин, саясатчылардын коррупциялык фактыларын иликтеген журналист кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш иши баңгизат сактоо фактысы боюнча козголгонуна карабай, редакциядан документтер салынган папкалар жана компьютердик жабдыктар алынган. Журналистти кармаган адамдар кеңсенин жабык эшиги артында болуп жаткан окуялар тууралуу объективдүү маалыматтын алынышына ар кандай жол менен бөгөт коюшту.

23-январда эртең менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынын өткөрүп, анда журналисттердин иликтөөсү үстүртөн болуп, мамлекеттик компанияны жаманатты кылууга багытталганын, акын Болот Назаров баңгизат колдоноорун жана кимдир бирөө журналист Темировго каршы доо арыз менен сотко кайрылышы мүмкүн экенин билдирди. 25-январда Камчыбек Ташиевдин жээни болгон «Кыргыз Петролеум Компани» ишканасынын жетекчиси Болот Темировго каршы сотко доо арыз менен кайрылуу маселеси каралып жатканын журналисттерге билдирди. Temirov Live кеңсесинен компьютерлердин алынганы боюнча УКМКнын башчысы аларда баңги затын колдонуу боюнча электрондук жазуулар болушу мүмкүн деп божомолдоду.

24-январда социалдык тармактарда Temirov Live компаниясынын кеңсесин тинтүү учурунда алынган компьютерлердеги маалыматка абдан окшош болгон видеоконтент чыгарууга кеткен чыгымдар тууралуу маалыматтарды көрсөткөн видеолор тараган.

Таанылгыс болуп өзгөртүлгөн үн тасмага Темировдун үй-бүлөсүнүн жеке жашоосуна кийлигишүү менен комментарий берип, журналист-иликтөөчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүн каралап, алардын ишин “чет элдик куратор” менен байланыштырган. Дагы бир видеодо ошол эле үн Болот Темиров акын Болот Назаровду “жолдон адаштырды”, акчага, баңгизатка көндүрдү деп айтат.

25-январда интернетте Болот Темиров менен байланышы бар деп божомолдонгон кыздын аты-жөнү, туулган жери жана башка маалыматтары жазылган жашыруун байкоо камерасынан алынган интимдик мүнөздөгү жазуу камтылган видео пайда болгон. Эскерте кетсек, 2021-жылдын декабрь айында Болот Темировдун батиринен мыйзамсыз тыңшоочу видеокамера табылган, Темиров Live иликтөөсүн жүргүзүп жатканда ата-мекендик мазут сатуудагы коррупциялык схемалар боюнча журналисттик иликтөө даярдап жаткан редакциянын кызматкерлери коркутуп-үркүтүүгө учурап, иликтөөнүн жүрүшү тууралуу билдирип туруу талабын койгон телефон чалууларды алышкан.

“Temirov Live” командасын каралоо үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу коомчулукту журналисттик иликтөөнүн жыйынтыгынан алаксытып, көңүл нугун коррупциялык схемалардан “татыксыз моралдык мүнөзгө” буруу максатында жасалып жаткандай сезилет.

Укук коргоо органдарынын Болот Темировго, Болот Назаровго жана Темиров Live кызматкерлерине карата аракеттери жеке турмуштун кол тийбестигине, сүйлөшүүлөрдүн жана баарлашуунун сырын сактоо укугуна,  купуя маалыматтын сырын сактоо укугуна адамдын жеке жашоосу жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз чогултуу жана таратуудан коргоого кепилдик берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын нормаларын бузууда. Журналисттерди жалган жалаа менен кармаган күч органдары, ошондой эле адамдын аброюна шек келтирген видеоматериалдарды тараткандар жеке эле журналисттин укугун эмес, жалпы адам укуктарын түздөн-түз бузуп жатышат, эртең эле ушундай жагдай бийликти сынга алган Кыргызстандын ар бир
жаранынын башына түшүүсү ыктымал.

Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы журналисттерге жана сөз эркиндигине карата болуп жаткан мыйзамсыздыкка карата мамилесин билдирди. Мындай кырдаалда Конституциянын гаранты болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин унчукпай отурганы өзгөчө кооптондурат, муну жарандардын укуктарын тикелей жана одоно бузууга, ошондой эле коррупциялык схемаларды жашыруу максатында журналисттердин кадыр-баркына шек келтирүүгө жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылууга үнсүз макулдук катары баалоого болот.

Темиров Live редакциясына карата укук коргоо органдарынын аракеттери жана күч түзүмдөрүн көзөмөлдөө үчүн жооптуу мамлекеттик мекемелердин аракетсиздиги төмөнкүлөргө карама-каршы келерин эскертебиз:

Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ага ылайык:

— жалпыга маалымдоо каражаттары эркин, аларга маалымат алуу жана таратуу укугу жана ой-пикирлерди эркин билдирүү укугу кепилденет (10-берене);

— ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана
мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт; мыйзамды бузуу менен алынган далилдер
айыптоону негиздөө жана соттун чечимин чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес. (57- берене);

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, ага ылайык:

— журналисттин кесиптик укуктары, ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан
корголот (8-берене);

— кесиптик милдеттерин аткарууда журналист инсанга кол тийбестиктин кепилдиктеринен пайдаланат (8- берене);

— мамлекет журналисттерге кесиптик ишин жүзөгө ашырууда коргоону камсыз кылат
(8- берене);

— журналисттин кесиптик ишине кийлигишүүгө, андан кесиптик милдеттерин аткарууда алынган ар кандай маалыматтарды талап кылууга тыюу салынат (8- берене);

— журналист журналисттик иликтөө жүргүзүүгө укуктуу (9- берене);

— журналист өзүнүн кесиптик иликтөөсүнүн натыйжаларын массалык маалымат каражаттарында жайылтууга, аларды мамлекеттик органдарга, граждандардын өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук бирикмелерге, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана кызмат адамдарына өз ыктыяры менен берүүгө укуктуу. (9- берене);

— журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө алынган материалдар жана документтер сот тартибинен тышкары алынып коюлбайт же текшерүү иретинде каралбайт. (9- берене);

“Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик каралган:

— журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишине тоскоолдук кылуу;

— журналистке кысым көрсөтүү, анын кесиптик ишине кийлигишүү;

— журналисттин материалдарын жана зарыл техникалык каражаттарын мыйзамсыз алып коюу;

— журналисттин укуктарын бузуу, анын ар-намысын жана кадыр-баркын мазактоо, ал тарабынан кесиптик ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу журналисттин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, биз ар тараптуу иликтөө жүргүзүүгө, мыйзамсыз буйруктарды аткарган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, ошондой эле мындай аракеттерди жетектегендерди жана иликтөөчү журналисттердин тобуна каршы мыйзамсыз аракеттерди жасоого буйрук бергендерди жоопкерчиликке тартууга чакырабыз. Тергөө жүргүзүү, видеоматериалдарды даярдагандарды, ошондой эле алардын кардарларын таап, жоопко тартуу зарыл.

Болот Темировду жана анын кесиптештерин куугунтуктоо алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейбиз жана Кыргызстандын экономикалык, социалдык, маданий жана технологиялык өнүгүүсүнө зыян келтирген коррупциялык схемаларды аныктоо жана ачыктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн журналисттерге колдоо көрсөтүү ниетинде экенибизди билдирип, бардык жарандарды коррупцияга каршы күрөштө журналисттерге жардам берүүгө чакырабыз.

Количество просмотров: 76