• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Медведев жаңы кызматка дайындалды

16 Жалган куран 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

Орусия президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди президенттик кеңештеги илим жана билим берүү боюнча өзүнүн орун басары кызматына дайындады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Жарлыкка ылайык, президент кеңешти жетектейт, аны менен бирге эле Илим жана билим берүү боюнча президенттик кеңештин курамына Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевди киргизди, тагыраагы, орун басар кылып дайындады.

Кеңеште Путиндин жардамчысы Андрей Фурсенко жана коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Юрий Аверьянов да бар экени айтылган.

Количество просмотров: 3435