• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

MegaComдун абоненттери эми “Онлайн-каттоонун” жардамы менен ооруканада кезекте туруп убакыт коротпойт

2 Бештин айы 2020 15:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-декабрда Мегаком компаниясынын башкы кенсесинде «Альфа Телеком» ЖАКтын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда электрондук медицина долбоорлорунун алкагындагы кызматташтык боюнча Меморандумга кол коюлду. Ага ылайык, эми Мегакомдун абоненттери болуп саналган бейтаптарга дарыгерлердин кабыл алуусуна кезекке туруп убакыт коротуунун зарылчылыгы болбойт.

Ал эми «Альфа Телеком» компаниясынын коммерциялык директору Бакытбек Өмуракунов коронавирус пандемиясы саламаттыкты сактоо тармагын санариптештируугө багытталган жогорку технологиялык заманбап чечимдерди кабыл алып, бул багытты чындоо керек экендигин ачык көрсөттү деген оюн айтты.

Пандемия учурунда Мегаком компаниясынын Саламаттык сактоо тармагына салымы чоң болгонун белгилеген министрликтин алдындагы электрондук саламаттыкты сактоо борборунун директору Бактыяр Станбеков Мемарандумдун алкагында Кыргызстандын электрондук медицина тармагын өнүктүрүү, санариптештируу багытына арналган долбоорлор жүзөгө ашырылып жатканын билдирди.

Кыргызстандын медицина кызматкерлери үчүн ишенимдуу мобилдик жардамчы болгон «Онлайн-каттоо» кызматы саламаттыкты сактоо мекемелерининде көпкө кезек күтүү учурунда ар кандай жугуштуу оорулардын таралуу коркунучун төмөндөтүүгө багытталган. Учурда саламаттык сактоо тармагында бейтаптардын ыңгайлуулугу үчүн бейтаптын электрондук картасы, теле медицина, ооруканалардагы бош орундар тууралуу онлайн маалымат алуу сыяктуу кызматтар иштелип жаткан чагы.

Количество просмотров: 80