• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

“Мейли, өзү билсин” дедик… Жапаров Мадумаровду ынтымакка чакырганын айтты

21 Бирдин айы 2023 12:47 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде бардык саясатчыларды ынтымак столуна олтургузууга даяр экендигин айтты.

Жапаров мурдагы президенттерди чогултуунун себеби бирөө эле — ал ынтымакка алып келүү экенин баса белгиледи.

Ошондой эле президентке депутат Адахан Мадумаров тууралуу да суроо узатылган, ага жооп берген Жапаров Мадумаров менен чай үстүндө олтуруп сүйлөшүшкөнүн айтты.

“Аны деле чакырганбыз. Чакырганда дагы үйгө чакырганбыз. Былтыр жай мезгилинде болчу. Бир дасторкондо олтуруп: “Келиңиз ынтымакташалы. Бир эле Кыргызстаныбыз бар. Жаакташпай бирге иштешели. Биригип Кыргызстанды көтөрөлү”, — дегенбиз. Укмуш тил табышып, кучакташып достошуп жылуу тараганбыз. Бир апта өтүп-өтпөй эле сөзүнө турбай кайра тескери кетсе болобу. “Мейли, өзү билсин” дедик. Башка эмне дейбиз, ага жалдырамак белек”, — деп суроого жооп берди.

Количество просмотров: 9788