• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мектеп директору: Ата-энелерге батпай калды десек деле болушпайт

12 Аяк оона 2018 17:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.09.2018.Govori.TV.

Азыркы учурда шаардын мектептерине окуучулар батпай нормасынан бир канча ашып кеткен фактылар көбөйдү. Ар бир ата-эне балдарын татыктуу билим алсын деп шаардын алдыңкы мектептерине бергенбе аракет кылышып, толуп калганына карабай ар тараптан тааныш таап, эптеп баласын киргизет. Бул учурда мындай кырдаалга ким күнөөлү деген суроо туулат.

Мындай абалга туш болгон шаарыбыздагы №68-гимназиянын директору эки мектептин окуучусун батырып жатканын айтып өттү.

«Негизи биздин мектеп 1240 балага эсептелинген ал эми азыркы күндө 1920 окуучу окуйт. Айрыкча башталгыч класстарда балдардын саны көп. Батпай калды десек деле болбой алып келишет, коркутуп үркүтүүлөр да болот»,- дейт №68-гимназиянын директору Канымжан Оморова.

Ал эми мындай кырдаал көп жылдардан бери эле болуп келе жаткандыктан көнүп калышканын Бишкектеги №13 мектеп гимназиянын директору Красницкая Юлия   кошумчалады. Анын айтымында ата-энелер өздөрүнүн ыңгайына карап балдарына мектеп тандай. Жана бул көрүнү 5, 6 жылдан бери болуп жаткандыгынан эч кандай деле көйгөй жок экендигин айткан.

Бирок, окуучулардын көптүгү алардын билим алуусуна жана мугалимдердин ишин алып барууга тоскоолдук жаратпай койбойт.

Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын базасына ылайык, иштеп жаткан мектептердин долбоордук кубаттуулугу 774 120 орунду түзөт. Азыркы учурда өлкөдө 2262 мектеп иштейт, 1 млн 223 миң бала окуйт. Бул маселенин негизинде Улуттук статистика комитетине тактоолор алдын ала болобу деген маселе менен кайрылганыбызда, алар фактыга гана таянып окуу жылы башталган соң гана тактоо жүргүлүзулөөрүн айтышкан. Жана жаңы окуу жылына 1-класска бара турган окуучулардын саны алдын ала такталбай алар кабыл алынган соң гана такталаарын кошумчалашкан.

 

Количество просмотров: 29