• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мектептеги чыр. №95 мектептин мугалимдери иш таштайбы?

12 Аяк оона 2018 10:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.12.09.2018.Govori.TV

№ 95 билим берүү гимназиясынын директору Анара Акмашева билим берүү шаардык башкармалыгынын буйругу менен кызматынан бошотулган. Бул көрүнүш бардык педагогикалык жамаат тарабынан нааразычылык жаратып, мугалимдердин баары директору менен кошо ишин таштап кетээрин билдиришти. Бул туурасында Govori.TV. маалымат агенттигине аталган мектепте окуган окуучулардын ата-энелери кабарлашты.
“Мектепте, бейшемби күнү мугалимдер жумуш ордунда жоктугуна байланыштуу эки сабак өтүлбөй калган. Окуучулары эртеси күнү да сабак болбостугун эскертишти”,-дейт ата-энелер.
Расмий маалыматтар боюнча, саламаттык сактоо күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу эс алуу күн деп белгиленген. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, директору башка мектепке которулган деп айтты.
Буга  байланыштуу, министрлик бул чечимди түшүндүргөн эмес. №95 мектебиндеги кытай тилин терең үйрөтүү боюнча 660 окуучуга ылайыкталган орунда, 2 смена менен 1200 окуучу билим алууда. Мектеп кытай грантынын эсебинен курулуп, бир жыл мурун гана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Количество просмотров: 22