• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

Мектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июнда башталат

27 Бугу 2024 18:06 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда мектептерде мамлекеттик экзамендер 3-июндан 15-июнга чейин жүргүзүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация окутуу кыргыз, орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 9-11-классынын бүтүрүүчүлөрү үчүн 4 предмет боюнча жүргүзүлөт.

9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

  • алгебрадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 3-июнда;
  • эне тилинен (дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама) – 7-июнда;
  • кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 11-июнда;
  • Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 14-июнда.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн:

  • эне тили жана адабиятынан (эссе) – 3-июнда;
  • математикадан (жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 7-июнда;
  • Кыргызстандын тарыхынан (оозеки) – 11-июнда;
  • кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, жазуу түрүндө комплекстүү тест) – 14-июнда.
Теги:
Количество просмотров: 75