• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Microsoft» компаниясын негиздөөчүлөрдүн бири көз жумду

16 Тогуздун айы 2018 17:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.10.2018.Govori.TV.
Билл Гейтс менен бирге «Microsoft» компаниясын негиздеген Пол Аллен 65 жашында дүйнөдөн кайтты. Үй-бүлөсү ал онкологиялык оорусу күчөгөндөн улам көз жумганын билдирди.
Аллен окуучулук кезден берки досу Гейтсти 1975-жылы IT тармагында революция жасаган компанияны ачууга көндүргөн. Алар сунуш кылган операциондук система компьютерди карапайым элдин жапырт колдонуусуна жол ачкан.
Аллен 1983-жылы компаниядан кеткен, бирок үлүшүн сактап калган. «Microsoft» акциялары кымбаттагандан кийин миллиардерге айланган. Жасалма интеллект, биоилим жана космос кемесин куруу тармактарына инвестиция салган.
Ондогон миллион долларын кайрымдуулукка короткон. 2010-жылы өлгөндөн кийин кирешесинин ири бөлүгүн кайрымдуулукка жумшоого убада берген. Аллен «Форбс» журналынын быйылкы рейтингинде 21,7 млрд. доллары менен 44-орунду ээлеген.
Количество просмотров: 15