• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция кызматкери кызды зоордуктады деп шектелүүдө

30 Үчтүн айы 2019 11:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.01.2019.Govori.TV.

28 жаштагы кызды зордуктады деп милиция кызматкери шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында Свердлов райондук милициясынын 36 жаштагы кызматкери, милициянын старшинасы кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

«Ысык-Ата РИИБине Бишкектин Б.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал Новопокровка айылын аралап өткөн Чоң Чүй каналынын жээгинде 27-январга караган түнү саат 4.00дө зордукталганын айткан. Кызга күч колдонду деп шектелгендердин арасынан бири кармалып, ал милиция кызматкери болуп чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 161-беренеси («Зордуктоо») менен кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 27