• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Милиция: 16 жаштагы кыз менен ага үйлөндү делген киши никеге турушкандыгын четке кагышууда

22 Бештин айы 2020 13:32 Бишкек Govori.TV

Жаш өспүрүм кыз жана анын мыйзамдуу камкоорчусу укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсүн четке кагышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.

Кечээ, айрым жалпыга малымдоо каражаттары укук коргоочу Камиль Рузиевдин, өзүнүн Twitter баракчасына жазып чыккан билдирүүсүн жарыялашты. Анда, Жети-Өгүз районунун 31 жаштагы тургуну, 16 жашар жаш өспүрүм кыз менен диний салт аркылуу никеге тургандыгын билдирген.

Басма сөз катчы билдиргендей, мурда аталган факты боюнча жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу өкүлдөрү, же болбосо тийиштүү мамлекеттик органдары тарабынан Жети-Өгүз РИИБне арыз келип түшкөн эмес. Бирок, укук коргоочу Камиль Рузиевдин билдирүүсү райондук милициянын КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 178 –беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, Камиль Рузиевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн, жаш өспүрүм менен никеге турган адамдын өздүгү аныкталган. Ал, Ырдык айылынын 36 жаштагы тургуну Х.Ш. болуп чыгып, өзүнүн көрсөтмөсүндө укук коргоочунун маалыматы чындыка дал келбестигин айтып чыкты. Анын айтымында, ушул жылдын ноябрь айында, айылдашы К.Снын үйүндө жасалгалоо иштерин жүргүзүп жүргөн. Ошондо, үйдүн ээси, аны 16 жаштагы Д.Ж. аттуу кызы менен таныштырганын, кийинчерек, ал кыз менен уюлдук телефон аркылуу кедээ сүлөшүп жүргөндүгүн билдирген. Бирок, ал кыз менен никеге турбагандыгын айтып чыккан.

Аныкталган жаш өспүрүм кыз, ушул эле айылдын 16 жаштагы тургуну Д.Ж. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2016-жылы өз атасы каза болуп калгандыктан, анын бир тууган агасы К.С. мыйзамдуу камкоорчусу болуп калгандыгын билдирген. Жаш өспүрүм кыз да, Х.Ш. менен никеге турбагандыгын ырастап чыкты.

Ал эми жаш өспүрүм кыздын мыйзамдуу камкоорчусу 45 жаштагы К.С., укук коргоочу Камиль Рузиевдин социалдык баракчадагы билдирүүсү чындыка дал келбестигин билдирип, иниси каза болгондон кийин, анын кызын Д.Жга өз кызындай камкордук көрүп жаткандыгын, ар дайым көзөмөл жүргүзгөндүгүн жана эч нерседен кем кылбай тарбиялап жаткандыгын маалымдады. Ал дагы, Х.Ш. менен Д.Жнын ортосунда нике салты өткөрүлгөндүгүн четке какты», — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактыны объективдүү жана толук кандуу териштирүү үчүн, учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Количество просмотров: 123