• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Милиция 18 жаштагы Садырбеков Азимди табууда жардам сурайт

20 Баш оона 2021 10:26 Бишкек Govori.TV

Балыкчы шаарынын милициясы жарандардан 18 жаштагы Садырбеков Азим Эрнисовичти табууда жардам сурайт.

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Азим үстүбүздөгү жылдын 13-августунда болжол менен саат 11:00 чамаларында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 165-170 см, көздөрү кара, арык дене түзүлүштө, ак жуумал, желкесинде тоголок калы бар.

Үстүндө ак футболка, кара джинсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийими болгон.

«Азим Садырбековдун жүргөн жерин билгендер болсо, Балыкчы ШИИБне: (03944) 3-27-03, 0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44 байланыш телефондоруна, же болбосо 102 кызматына билдирип коюңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 505