28 жаштагы Эламан Жунусов аттуу жарандын ата-энеси табылды
«Эламан тууралуу маалымат жарыяланган күнү эле апасы милицияга кайрылып, көптөн бери баласын издеп жүргөндүгүн билдирди. Эламандын жакындарын табууга жардам колун сунгандарга ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, мындан мурдараак Бишкек шаардык милициясы 28 жаштагы Эламан Жунусовдун жакындарын табууга жардам сурап коомчулукка кайрылган болчу.