• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Милиция БШКнын мүчөлөрүн суракка күчтөп алып кетеби?

21 Тогуздун айы 2020 16:32 Бишкек Govori.TV

Боршайкомдун мүчөлөрүн ИИМ суракка чакырып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, ИИМ БШКнын мүчөлөрүн суракка 5-октябрда өткөн башаламандыкка байланыштуу чакырган.

«Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясына тергөөчү келип, суракка чакырып кетти. Бөрүбашов деген тергөөчүнүн колунда суракка келсин деген кагазы бар экен. Биз бүгүн кайра шайлоонун мөөнөтүн бекиттик. Эгер кандайдыр бир суроолору болсо бул жака келип маалымат алышсын. Кесиптештер менен бирге баруудан баш тарттык», — деди Журабаева.

Журабаева ошондой эле аларды суракка алып кетүү үчүн тергөөчү «кошумча милиция кызматкерлерин чакырабыз» деп айтканын кошумчалады.

Учурда БШКнын мүчөлөрү журналисттерге толук маалымат берүү үчүн чогулуп жатат.

Количество просмотров: 146