• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Милиция көчөдө аялын сабаган кишинин окуясын териштире баштады

9 Жетинин айы 2021 15:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы соода борборлорунун биринин алдында күйөөсү аялын сабаган делген окуя боюнча тергөөнү баштады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, факт Кылмыш кодексинин 266-беренесинин («Бейбаштык») негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Буга чейин эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео социалдык трамактарга тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын, Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазышкан.

Милиция алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Теги:
Количество просмотров: 2649