• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Милиция кызматкерлери мас абалындагы айдоочуларды жашырган фактылар аныкталды

11 Чын куран 2022 13:13 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери мас абалындагы айдоочуларды жаап- жашырган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдарында укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптагыдай аткарылышы, ошондой эле «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына маалыматтарды толук киргизүү жана алардын аныктыгы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Прокурордук текшерүүнүн жыйынтыгы менен бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, укук бузууларды системалуу түрдө жашыруу жана мас абалында транспорт каражаттарын башкарган айдоочуларды жоопкерчиликке тартпоо; укук бузуулар жөнүндө материалдары чубалжытуу; салынган айыптарды мамлекеттин казынасына кайтарып алуу боюнча тийиштүү чараларды көрбөө жана башка көп кемчиликтер орун алган.

Мисалы, айдоочу Т.М., «Ауди-100» үлгүсүндөгү автоунаада мас абалында жол кырсыгына кабылган. Бирок, Чүй облусунун Ысык-Ата райондук ЖКККБнүн кызматкерлери жол кырсыгынан 4 ай өткөндөн кийин жол эрежесин бузуу фактысы боюнча расмий түрдө протокол түзүшкөн, ал эми мас абалында жасалган мыйзам бузуу материалы жашырылып, «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилбеген.

Ушундай эле жашыруу фактысы «Хонда Фит» унаасынын айдоочусу Н.К., карата жасалыганы аныкталган.

Жогорудагы фактылар боюнча прокуратура тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо органдарынын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иштери козголуп, алардын иликтөөсү Чүй облусунун прокуратура органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө тапшырылды.

Ошол эле учурда Ысык-Ата райондук Жалпы дарыгерлер практика борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан медициналык кароолордун каттоо журналында баштапкы жазууну өзгөртүү жолу менен адамдын алкоголдук мас абалындагы медициналык кароонун жыйынтыгын алмаштыруу жана жашыруу фактысы аныкталган.

Жогорудагы көрсөтүлгөн жана башка мыйзам бузуу фактылары боюнча Башкы прокуратура тарабынан тиешелүү мамлекеттик органдарга мыйзам бузууларды, аларды жасоого түрткү болгон себептерди жана шарттарды четтетүү боюнча прокурордук чара көрүү актылары киргизилген.

Количество просмотров: 213