Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү кызматтык турак жайларды менчиктештире алышат. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети үчүнчү окууда кабыл алды.
Белгилей кетсек, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ээлеп турган кызматтык турак жайды менчиктештирүү укугу аскер кызматчыларына запаска өткөндөн кийин же мыйзамда каралган негиздер боюнча отставкага кеткенден кийин гана берилет.
Мыйзам долбоорунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кызматтык турак-жайды менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк берүү сунушталууда. Бирок алардын иш стажы 20 жыл же андан көп болушу керек.
Мыйзам долбоору ошондой эле 20 жана андан ашык жыл иштеген аскер кызматчысы каза болгон учурда анын жакын туугандарына кызматтык турак жайды менчиктештирүү укугун берет.