• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Милиция Султанбековго кол салуу боюнча маалымат берди

27 Баш оона 2021 12:54 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» саясий партиясынын лидери Темирлан Султанбековго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

«ИИМдин, Чүй ОИИББдин жана Аламүдүн РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, зарыл болгон иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кечээ, 26-август күнү болжол менен саат 16:45 чамасында Темирлан Султанбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу түнкү саат 01:30 чамасында анын автоунаасына белгисиз бирөө ок чыгарганын жазган. Анда окуя кайсы жерде болгону так көрсөтүлгөн эмес.

Жогорудагы маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы факт Аламүдүн районунун аймагында болгону аныкталган.

Темирлан Султанбеков өзү Алдамүдүн РИИБге 26-август күнү болжол менен саат 18:30 чамасында кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча катталган.

Т.Султанбеков 26-август күнү «Nissan X-TRAIL» үлгүсүндөгү автоунаа менен Кой-Таш айылындагы көчө менен түштүк тарапты карай бара жаткан. Унаанын рулунда айдоочусу А.Б. отурган. Султанбеков жолдо уктап кетип, катуу үн чыкканда ойгонуп кеткен. Айдоочу унааны катуу айдап, К.А. аттуу жарандын үйүнө келип токтоп, унаанын арткы оң жактагы терезеси жабыркагынын байкашкан.

Т.Султанбеков жана автоунаанын айдоочусу жабыр тартышпаганын билдиришип, соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан. Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, тиешелүү иштер жүргүзүлгөн. Кийин автоунаага соттук-трассологиялык экспертиза дайындалган.

Бул факт ИИМдин жана Чүй ОИИББдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынып, ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 480