• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Милиция журналисттер менен активистке карата коркутууларды териштире баштады

17 Жалган куран 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарда Factcheck.kg сайтынын журналисттери менен активист Улан Үсөйүнгө карата коркутуп-үркүтүүлөр боюнча териштирүү иштерин баштады.

Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков 16-мартта «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, коркутуу фактысы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене («Майда бейбаштык») менен катталды. Азыр билдирүүлөр текшерилип жатат.

Буга чейин Ош шаарында фактчекинг боюнча жолугушуу өткөрүлө турганы жарыяланган. Ага аталган сайттын журналисттери Асел Сооронбаева, Ярослав Тартыков жана активист Улан Үсөйүн катыша турганы айтылган.

Мындай жарыядан кийин Facebook социалдык түйүнүнүн Али Абдразаков аттуу колдонуучусу журналисттер менен активисттердин Оштогу жолугушуусуна жол бербөөгө чакырган билдирүү калтырган.

Анын алдында уюштуруучулар менен аларды колдогондордун дарегине коркутуп-үркүтүүлөр, орунсуз комментарийлер жазылган. Жарандык коом буга тынчсыздануу билдирген.

Количество просмотров: 102