Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетет. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин жыйынында билдирди.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, учурда экинчи толкун жүрүп жатат.
«Учурда экинчи толкун жүрүп жатат. Кыргызстанда 10-15 күндөн кийин анын жогорку чегине жетебиз деген божомол бар», — деди Бейшеналиев.