• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министрлер кабинети «чет элдик өкүл» мыйзамын иштеп чыгууну сунуштады

13 Теке 2023 19:14 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети «чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүүнү караган «Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. Корутундуну бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун буйругу Юстиция министрлигинин сайтында жарыяланды.

Төмөндө «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун өзгөртүүсүз беребиз:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 131827-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н.А.Нарматова, Ж.Э.Садырбаева, Г.О.Култаева, Т.А.Масабиров, Ж.С.Кыдыкбаев, З.Д.Мамасадыков, С.А.Айжигитов, К.К.Сулайманов, А.А.Айдарова, А.А.Козуев, Коргонбай уулу Ж., К.Л.Ханджеза, А.Алтынбеков, Ы.Ы.Атажанов, М.К.Сарбагышев, Э.Э.Жамгырчиев, Дж.К.Исаева, Н.О.Сыдыгалиев, Н.А.Ражабалиев, Н.К.Алимбеков, А.К.Малиев, Б.К.Чойбеков, У.Б.Бакасов, Ф.Д.Исмаилов, Э.Т.Токтошев, М.Н.Саккараев, А.Т.Тумонбаев, Э.Н.Сулайманов, А.Ж.Боронбаев, Л.Х.Лурова, А.Т.Маткеримов, Б.В.Шабазов, Ш.К.Атазов, А.Т.Эрбаев, А.Б.Кенжебаев, И.И.Матраимов, М.А.Абдалиев, Ш.К.Ташиев жана Ж.Ш.Токторбаев тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары — мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.

Бул корутунду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана аткаруу бийлигинин тутумуна кирген башка мамлекеттик органдардын позицияларын эске алуу менен даярдалды.

1. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Алсак, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунда чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм деп өз ишинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн, чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары түзүлгөн, негиздөөчүлөрү (катышуучулары) мамлекеттик органдар болуп саналбаган уюм түшүнүлөт.

Бирок, «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм» түшүнүгүн аныктоо зарылдыгы түшүнүксүз. Анткени «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясы ушул Мыйзам коммерциялык эмес уюмдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында аракеттенген чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, алардын ишине, кайра уюштурулушуна жана жоюлушуна байланыштуу келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө саларын белгилейт.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 2-статьясына ылайык юридикалык жактардын каттоо ордуна жана жеке жактардын жашаган ордуна же жарандыгына карабастан юридикалык жана аракетке жөндөмдүү жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын уюштуруучулары болушу мүмкүн.

Юридикалык жактардын каттоо ордуна жана жеке жактардын жашаган жерине же жарандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар коммерциялык эмес уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн.

Демек, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн уюм чет өлкөлүк уюмга кирерин аныктайт. Мындай уюмдун иши азыркы учурда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдери менен жөнгө салынат.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 5-пунктуна ылайык терминдерди пайдаланууда жалпы кабыл алынган аныктамалардан чыгуу керек. Зарыл болгондо долбоордо юридикалык, техникалык жана башка атайын терминдерге түшүндүрмө (чечмелөө) берилет.

Ченемдик укуктук актылардагы дефинициялар түшүндүрүүнү талап кылган өзгөчө терминдерди ачуу үчүн берилгендиктен, ошондой эле «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм» «коммерциялык эмес уюм» термининин жалпы аныктамасына туура келерин эске алып, мыйзам долбоорунан «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм» термининин аныктамасын алып салууну сунуштайбыз.

2. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун төртүнчү абзацында «чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрү» деген терминдин аныктамасын ачуу сунушталат, аны менен мамлекеттик катталууга тийиш болгон жана филиалдардын жана эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын жана өкүлчүлүктөрүнүн реестрине тиешелүү түзүмдүк бөлүм жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте киргизилген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында укук жөндөмдүүлүгүнө ээ болуучу чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү түшүнүлөт.

Граждандык кодекстин 84-статьясына ылайык юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгү ал түзүлгөн учурдан баштап пайда болорун белгилей кетүү керек. Граждандык кодекстин 86-статьясында юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өтүүгө тийиш. Жалпы таанышуу үчүн ачык болгон юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине мамлекеттик каттоонун маалыматтары киргизилет, аны жүргүзүү тартиби юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

Демек, юридикалык жактын укукка жөндөмдүүлүгү ал мамлекеттик каттоодон өткөн жана юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген учурдан тартып пайда болоору жарандык мыйзамдарда жөнгө салынган. Ошол эле учурда юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары — Юстиция министрлиги) тарабынан эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн өзүнчө реестри жүргүзүлбөйт. Граждандык кодекстин 86-статьясында эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн өзүнчө реестрин жүргүзүү жөнүндө талап каралбагандыктан, мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун төртүнчү абзацын алып салууну сунуштайбыз.

3. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун бешинчи абзацында «чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюм» түшүнүгүнө аныктама берүү сунуш кылынат, анда чет мамлекеттерден, алардын мамлекеттик органдарынан, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардан, чет өлкөлүк жарандардан, жарандыгы жок адамдардан же болбосо көрсөтүлгөн булактардан (мамлекеттин катышуусу бар ачык акционердик коомдорду жана алардын туунду коомдорун кошпогондо) (мындан ары — чет өлкөлүк булактар) акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алуучу, алар ыйгарым укук берген жактардан акча каражаттарын жана башка мүлктөрдү алуучу жана анын ичинде чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу саясий иштерге катышкан, Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм түшүнүлөт.

Долбоордун 1-беренесинин 1-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтарына ылайык коммерциялык уюм, эгерде анын уюмдаштыруучу документтеринде көрсөтүлгөн максаттарына жана милдеттерине карабай, ал мамлекеттик, органдар жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди түзүүгө багытталган алардын чечимдерди кабыл алуусуна таасир этүү максатында саясий акцияларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышса (анын ичинде каржылоо жолу менен), Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылып жаткан саясий ишке катышкан болуп таанылат.

Илим, маданият, искусство, саламаттык сактоо, жарандардын ден соолугун коргоо, жарандарды социалдык колдоо жана коргоо, майыптарды социалдык колдоо, энелерди жана балдарды коргоо, сергек жашоо ыңгайын, дене тарбия жана спортту пропагандалоо, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жаатындагы, ошондой эле кайрымдуулук иштери саясий ишке кирбейт.

Биринчиден, көптөгөн коммерциялык эмес уюмдар чет өлкөлүк булактардан, анын ичинде айрым гранттарды ишке ашыруунун алкагында каржыланарын белгилейбиз. Ошол эле учурда мындай уюмдарга коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдардын бардык талаптары жайылтылат. Коммерциялык эмес уюмдардын чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыктарында катышуусуна байланыштуу төмөнкүлөрдү белгилейбиз. Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюм чет өлкөлүк булактардын кызыкчылыгында иш жүргүзөрү кандай жол менен жана кандай критерийлердин негизинде аныктала тургандыгынын механизми ачылган эмес. Ошондуктан коммерциялык эмес уюмдун чет өлкөлүк булактын кызыкчылыгында катышуусун аныктоого мүмкүндүк бере турган так механизмди жана критерийлерди белгилөөнү сунуштайбыз.

Мындан тышкары, сунушталган ченемдерди кеңири чечмелөөдөн качуу үчүн коммерциялык эмес уюмдардын ишинде мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарда коомдук пикирди калыптандырууга таасир этүү максаттарынын же милдеттеринин бар экендигин аныктоо механизмин жана критерийлерин тактоо керек.

Экинчиден, Граждандык кодекстин 84-статьясынын 1-пунктунда юридикалык жак анын уюштуруу документтеринде каралган иштин максаттарына ылайык граждандык укуктарга ээ боло алат жана мындай ишке байланыштуу милдеттерди ала алат деп белгиленген.

Мыйзам тарабынан тыюу салынган ишти жүргүзгөн же мыйзамдарды башкача бир нече же одоно бузуулар менен же юридикалык жактын уставдык максаттарына карама-каршы келген ишти системалуу түрдө жүргүзгөн учурда коммерциялык эмес уюм Граждандык кодекстин 96-статьясынын негизинде соттун чечими менен жоюлушу мүмкүн.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына каршы келген ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынгандыгын белгилейбиз.

Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун жетинчи абзацын «Илим» деген сөздөн мурда «Билим берүү,» деген сөз менен толуктоону сунуштайбыз.

4. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктунда «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясын жаңы редакцияда баяндоо сунушталат.

17-статьянын сунушталган редакциясынын экинчи абзацына ылайык, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишиминде башкача каралбаса, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун түзүмдүк бөлүмүнүн жылдык бухгалтердик отчету жана чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу коммерциялык эмес уюмдун жылдык бухгалтердик отчету милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш.

«Аудитордук иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык аудит милдеттүү жана демилгелүү болушу мүмкүн экендигине көңүл бурабыз. Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жаатындагы мыйзамдарына ылайык ачык кызыкчылыктын субъекттери, ири ишкердиктин субъекттери болуп саналгандар ар жылдык милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш. «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык ачык кызыкчылыктын субъекттери деп төмөнкүлөр таанылат:

— баалуу кагаздары фонд биржасынын листингине киргизилген эмитент;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу банк же башка финансылык-кредиттик мекеме;

— инвестициялык фонд, камсыздандыруу компаниясы, мамлекеттик эмес пенсиялык фонд.

Демек, сунуш кылынган жоболор аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдардын талаптарына дал келбейт.

Ошондой эле 17-статьянын редакциясынын долбоорунда коммерциялык эмес уюмдун кирешелеринин көлөмү жана түзүмү, ошондой эле коммерциялык эмес уюмдун мүлкүнүн көлөмү жана курамы, анын чыгымдары, кызматкерлердин саны жана курамы жөнүндө, алардын эмгегине акы төлөө, коммерциялык эмес уюмдун ишинде жарандардын акысыз эмгегин пайдалануу тууралуу маалыматтар коммерциялык сырдын предмети болушу мүмкүн эместиги каралган. Ошону менен бирге

«Коммерциялык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясына ылайык чарба жүргүзүүчү субъектинин өндүрүшүнө, технологиясына, башкаруусуна, финансылык жана башка ишине байланыштуу мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген, аларды ачыкка чыгарганда анын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болгон маалыматтар коммерциялык сыр деп түшүнүлөт. Коммерциялык сырды түзгөн маалыматтар ишкер субъектинин менчиги болуп эсептелет, болбосо мыйзамдарга ылайык белгиленген чектерде анын ээлигинде, пайдалануусунда же тескөөсүндө болот. «Коммерциялык сыр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ишкердик жүргүзгөн башка мамлекеттердин жеке жана юридикалык жактары коммерциялык сырдын субъектилерине таандык болот.

Жогоруда баяндалганды эске алып, бардык эле коммерциялык эмес уюмдар ишкердик ишти жүргүзбөй тургандыгын белгилейбиз. Ошондуктан коммерциялык сыр боюнча талап бардык эле коммерциялык уюмдарга колдонулбастан, ишкердик иш жүргүзгөндөргө гана тиешелүү болот.

Долбоордо каралган прокуратура органдарына келип түшкөн материалдар жана кайрылуулар боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуунун алкагында чет өлкөлүк өкүлдүн милдеттерин аткарган коммерциялык эмес уюмду пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүү жөнүндө прокурордун талабынын негизинде чыгарылган ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругунун (тескемесинин) болушуна карата төмөнкүлөрдү белгилөө зарыл.

«Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык прокуратура бирдиктүү системаны түзөт, ага мамлекеттик бийлик органдары (шайлоону жана референдумду даярдоо жана өткөрүү тармагындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишмердигин, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын контролдоо боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ишин кошпогондо), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана иши мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелер жана уюмдар, толук чарбалык эсептин жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле мамлекеттин катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө, тергөөнү жана изин суутпай издөө иштерин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакташын көзөмөлдөө, мамлекеттик укуктук статистика жана эсепке алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдуулукту көзөмөлдөө, кылмыш иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын көзөмөлдөө жүктөлөт.

Ошентип коммерциялык эмес уюмдар прокуратура органдары көзөмөл жүргүзүүчү субъекттердин жогоруда көрсөтүлгөн тизмесинде каралган эмес.

Мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле долбоордо каралган кредиттик жана башка финансылык уюмдардан суроо жана алуу укугу боюнча «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 66-беренесине ылайык банктык сыр деп бул алардын келишим түзүү алдындагы мамилелерин кошуп алганда, банктык ишти жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө кардар тарабынан банкка берилген, же болбосо банк тарабынан түзүлгөн же болбосо банк менен кардардын өз ара мамилелерине байланыштуу башкача келип чыккан кандай болбосун маалыматтар таанылат.

Ушул Мыйзамдын 67-беренесине ылайык банк банктык сырды түзгөн маалыматты, ушул беренеде башкача каралбаса, кардардын өзүнчө жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча кандай болбосун жактарга берүүгө укуктуу. Алсак, аталган Мыйзамдын 67-беренесине ылайык банктык сырды түзгөн маалымат банк тарабынан сотко — соттук актынын негизинде; финансылык чалгындоо органдарына -террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык; ыйгарым укуктуу мамлекеттик салык органына — Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салык салуу максаттары үчүн; кредиттик бюролорго-кредиттик маалымат алмашуу чөйрөсүндөгү мыйзамга ылайык; кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларга) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө — Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскерлик укугун (укук улантуучуларга) ырастоочу документтерди көрсөткөндө, ошондой эле мураскерлик иштери боюнча алардын өндүрүшүндө турган мамлекеттик нотариалдык кеңселерге каза болгон аманатчылардын аманаттары жөнүндө — маалымат берүү жөнүндө нотариалдык кеңсенин расмий талабынын негизинде берилет. Банктык сырды түзгөн маалымат аталган берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн кандай болбосун башка жактарга соттук актынын негизинде гана берилет.

Мындан тышкары Граждандык кодекстин 773-статьясына ылайык банк банктык эсеп жана банктык аманат, эсептер боюнча операциялар, кардарлар жөнүндө маалыматтардын жана банк менен кардардын ортосунда түзүлгөн мамилелердин жүрүшүндө банкка маалым болгон же ага ишенип билдирилген кандай болбосун маалыматтардын купуя сакталышын гарантиялайт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык мыйзамга караганда кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ.

5. Мыйзамдын долбоору менен коммерциялык эмес уюмдун ишинин анын уюштуруу документтеринде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган максаттарга шайкештигин контролдоо боюнча мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга (мындан ары — Юстиция министрлиги) ыйгарым укук берүү сунушталат. Юстиция министрлиги төмөнкүлөргө укуктуу:

— коммерциялык эмес уюмдун башкаруу органдарынан алардын тескөөчү документтерин сурап алууга;

— коммерциялык эмес уюмдардын финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматты мамлекеттик статистика органдарынан, салык органдарынан жана башка мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо органдарынан, ошондой эле кредиттик жана башка финансылык уюмдардан суроого жана алууга;

— коммерциялык эмес уюм өткөргөн иш-чараларга катышуу үчүн өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө;

— коммерциялык эмес уюмдун ишинин, анын ичинде акча каражаттарын чыгымдоо жана башка мүлктү пайдалануу боюнча анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга ылайык келишин текшерүүнү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүүгө;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулгандыгы аныкталган же коммерциялык эмес уюм же анын түзүмдүк бөлүмү тарабынан анын уюштуруу документтеринде каралган максаттарга карама-каршы келген аракеттер жасалган учурда ага жол берилген бузууларды жана аны жоюу мөөнөтүн көрсөтүү менен бир айдан кечиктирбестен жазуу жүзүндө эскертүү берүүгө. Коммерциялык эмес уюмга чыгарылган эскертүү жогору турган органга же сотко даттанылышы мүмкүн;

— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк өкүлдүн функцияларын аткарган коммерциялык эмес уюмдардын реестрине киргизүү жөнүндө арыз бербеген чет өлкөлүк өкүлдүн функциясын аткарган коммерциялык эмес уюмдун ишин өзүнүн чечими менен алты айдан ашпаган мөөнөткө токтото турууга.

Колдонуудагы мыйзамдарда ыйгарым укуктуу органдарга тиешелүү отчетторду берүү боюнча коммерциялык эмес уюмдардын милдеттенмелеринин каралгандыгын белгилөө керек. Алсак, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясына ылайык коммерциялык эмес уюмга келип түшүүлөрдүн түзүмү жөнүндө жана уюмдун мүлкүнүн өлчөмү жана курамы жөнүндө маалыматтар мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет. Кайтарымсыз негизде берилген акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ишин жүргүзгөн коммерциялык эмес уюм (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди кошпогондо) акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө жыйынды маалыматтарды, ошондой эле сатып алынган, колдонулуучу жана ажыратылуучу мүлктөр жөнүндө өткөн жыл үчүн маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына жыл сайын 1-апрелге чейин жайгаштырат.

Бул ченемди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 147 «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому менен төмөнкүлөр бекитилген:

— коммерциялык эмес уюмдун акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылып жаткан мүлк жөнүндө жыйынды маалыматтын формасы;

— Коммерциялык эмес уюмга акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ээликтен ажыратылып жаткан мүлк жөнүндө жыйынды маалыматты берүү тартиби.

Мындан тышкары «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин талаптарына ылайык жогорку тобокелдиктеги коммерциялык эмес уюмдар өзүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө, каражаттар менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө финансылык отчетторду түзүүгө, ошондой эле аларды беш жылдан кем эмес сактоого милдеттүү.

Жогоруда аталган көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат финансылык чалгындоо органына анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын негизинде берилет.

Коммерциялык эмес уюмда аны террористтик ишти каржылоодо пайдалангандыгы жөнүндө шектенүү болгон учурда, бул коммерциялык эмес уюм финансылык чалгындоо, ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарына тиешелүү билдирүү жөнөтөт.

Ошол эле учурда коммерциялык эмес уюмдардын ишин, анын ичинде финансылык отчеттуулукка байланыштуу контролдоо боюнча функцияларды Юстиция министрлигине жүктөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Юстиция министрлиги жөнүндө жободо белгиленген иштелип чыккан саясатка жана ыйгарым укуктарга ылайык келбейт. Сунушталган функциялардын тизмеси юстиция органдарынын ишине мүнөздүү эмес, анткени бүгүнкү күндө юридикалык жактарды каттоо өтүнмө берүү негизинде ишке ашырылат.

Коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоо, анын ичинде финансылык отчетторду текшерүү мындай отчеттуулукту түзүү чөйрөсүндө Юстиция министрлиги ээ болбогон спецификалык жана тармактык билимдерди талап кылат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоо боюнча функцияларды ишке ашыруунун так механизмдери каралган эмес.

Ошондой эле долбоордун негиздеме-маалымкатында бүгүнкү күнгө карата Юстиция министрлигинин маалыматтары боюнча Бишкек шаарында 18500 ар кандай коммерциялык эмес уюмдар катталгандыгы көрсөтүлгөн.

Мында 2023-жылдын июнь айына карата Юстиция министрлигинин юридикалык жактарынын бирдиктүү маалыматтар базасында 29130 жакын коммерциялык эмес уюм — коомдук бирикме, фонд жана мекеме түрүндөгү уюштуруучулук-укуктук формасында катталган, атап айтканда: коомдук бирикмелер — 10313, фонддор — 7504 жана мекемелер — 11313.

Ошол эле учурда акыркы жылдары экономикалык мамилелердин өнүгүшү менен юридикалык жактарды түзүүнүн көбөйүү тенденциясы байкалууда.

Юстиция министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө аймактык башкармалыктардын каттоо, мониторинг жүргүзүү жана каттоо тартиби чөйрөсүндө саясатты жүргүзүү, ошондой эле саясий партияларды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо), ишин токтотууну каттоо боюнча мыйзамда берилген ыйгарым укуктардын чегинде ишти жүргүзүү боюнча милдеттер жүктөлгөн 7 штаттык бирдик каралгандыгын белгилей кетүү керек.

Сунушталган долбоор кабыл алынган учурда Юстиция министрлигине анын ишине мүнөздүү эмес жүктөм жүктөлөт жана анын түзүмүн, анын ичинде штаттык санын кайра карап чыгуу талап кылынат.

Ошол эле учурда туруктуу негизде мамлекеттик бийлик органдарын туруктуу оптималдаштыруу процесси жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдардын штаттык санынын кыскарышы байкалууда.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашырылышы мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт. Мындан тышкары, мыйзам долбооруна долбоорду ишке ашырууга байланыштуу финансылык-экономикалык эсептөөлөр тиркелген эмес.

Баяндалганды эске алып, мыйзам долбоорунан коммерциялык эмес уюмдардын ишин контролдоо боюнча бир катар ыйгарым укуктарды Юстиция министрлигине жүктөөнү сунуш кылган жоболорду алып салууну сунуштайбыз.

6. Мындан тышкары бул мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын ишин жүзөгө ашыруу жол-жоболоруна олуттуу өзгөртүү каралгандыгын эске алып, мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында коомдук талкуулоонун жыйынтыктары боюнча сунуштар кабыл алынбагандыгы белгиленген. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо ченем жаратуучу орган тарабынан коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча келип түшкөн сунуштар жөнүндө аларды ченемдик укуктук актынын долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен жыйынтыктоочу маалыматты даярдоо жолу менен камсыз кылынарына сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз. Жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкатында чагылдырылат.

Мындан тышкары мурда коммерциялык эмес уюмдардын иши регламенттелген жана алардын иши боюнча мамлекеттик контроль киргизилген ушул сыяктуу мыйзам долбоорлорун кароодо эл аралык өнөктөштөр тарабынан бул документ кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасында «пайдасыз адамдарды» жана коммерциялык эмес уюмдарды саясий куугунтуктоо башталат деген кооптонуулар билдирилгенин белгилей кетүү зарыл.

Бул контекстте мындай сценарий кайталанган учурда, Кыргыз Республикасынын БУУнун АӨК мүчөлүгүн эске алуу менен, эл аралык өнөктөштөр тарабынан, анын ичинде эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасына карата саясий басым күчөшү мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек.

7. Долбоордун 2-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Алсак, долбоор менен жарандардын инсандыгына жана укуктарына шек келтирген коммерциялык эмес уюмдарды түзүү үчүн жоопкерчиликти кароо сунушталат.

«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп жолу колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери ченемдик укуктук актыларда камтылган. Демек ченемдик укуктук актыларда каралган конкреттүү талаптарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилиги да каралууга тийиш.

Бирок сунушталган диспозиция бүдөмүк мүнөзгө ээ, ал сунушталган беренени колдонууга укуктуу субъекттер үчүн кеңири чечмелөө мүмкүнчүлүгүн берет.

Ушуга байланыштуу жоопкерчилик, анын ичинде кылмыш-жаза жоопкерчилиги мыйзамдарда белгиленген конкреттүү талаптарды жана тыюу салууларды бузгандыгы үчүн белгиленүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.

8. Долбоордун 3-беренесинин 2-пункту менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын аталган Мыйзамга ылайык келтирүүнү тапшыруу сунушталууда.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш.

9. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо, ал жеткис күчтүн жагдайларынын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салуу учурларын кошпогондо, Өкмөт бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 токтому менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасынын 3-пунктуна ылайык ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылар ЖТТ жүргүзүүнү талап кылат, алар ишкерлер тарабынан жеке же зайым каражаттарын пайдалануунун учурдагы тартибин, ишкердик иш үчүн тобокелдиктин деңгээлин, ишкерлердин мүлктүк жоопкерчилигин, ошондой эле алардын пайда алуу мүмкүнчүлүгүнө жана өлчөмүнө таасирин тийгизген шарттарды тигил же бул даражада аныктайт/өзгөртөт.

Ушуга байланыштуу жогоруда аталган методикага ылайык мыйзам долбооруна жөнгө салуу таасирин талдоо жүргүзүү зарыл.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мыйзам долбоорунун концепциясын колдоо менен ушул корутундуда баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жеткире иштеп чыгуу зарылдыгын белгилейт.

Количество просмотров: 126