Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча протоколдун 5-версиясы даярдалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүнкү маалымат жыйында билдирди.
«Протокол түзүп жаткан эксперттер коронавирус боюнча жаңы маалыматтарды топтоп, ага анализ кылып, бейтапка ылайык келген сунуштарды документке киргизип жатат. Коронавируска кабылгандарды эми 5-протоколдун негизинде дарылайбыз», — деди министр.