• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Мискенбаев президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырыш керектигин айтты

17 Жалган куран 2018 13:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.03.2018.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков агасы президенттикке шайланган соң депутаттык мандаттан баш тартам деген убадасын аткарбай жатат. Бул тууралуу Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясынын эскерүүгө арналган иш-чарада Социал-демократиялык партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди. Анын айтымында, президенттик шайлоо алдында Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков өлкө башчылыкка шайланса депутаттыктан баш тартууга партиялаштары алдында убада берген.

“Жээнбеков «агам президенттикке өтсө, депутат болууга моралдык укугум жок, эл менен болушум керек» деп сөз берген. Эми ошол убадасын аткарышын күтүп жатабыз. Эгер депутат бойдон кала берсе үй-бүлөлүк башкаруу болуп жатат деген сөз президентке, социал-демократчыларга жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып ыңкылап жасагандарга тиет”-деп айтты Мискенбаев.

Мурдагы депутат «учурдагы президент өз туугандарын бийликке алып келбеген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден үлгү алышы керектигин» кошумчалады.

Бүгүн Бишкектеги “Медиа форум” ишканасынын алдында Аксы окуясын эскерүүгө арналган иш-чара өтүүдө. Ага Апрель ыңкылабынын катышуучулары, “Айкөл Ала-Тоо” уюмунун өкүлдөрү, КСДПнын активисттери катышты.

Асылбек Жээнбеков президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Ал парламенттин Социал-демократиялык фракциясынын депутаты.

Количество просмотров: 40