• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси төмөндөдү

21 Аяк оона 2022 16:06 Бишкек Govori.TV

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси 2100 пункттан ылдый төмөндөдү. Биржа 24-февралдан бери алгачкы жолу ушундай деңгээлде соода жүргүзүүдө. РТС индекси 15-августтан бери биринчи жолу 1100 пункттан ылдыйлады.

Доллар менен евронун рублге карата курсу жогорулоодо.

Москва биржасында «Газпромдун», «Яндекстин», «Сургутнефтегаздын», «НОВАТЭКтин» акциялары терс динамика көрсөтө баштаганын адистер белгилөөдө.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Жети айдан кийин, 21-сентябрда өлкө президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу резервдеги 300 миң адам аскерге жөнөтүлөрүн билдирди.

Талдоочулар мобилизация жарыялоо орус бийлиги Украинадагы согушун уттуруп жатканынын белгиси экенин айтып жатышат.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 253