• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Момбеков: Бакиевчилерди бийликке алып келгендер эки жүздүүбү же алар менен чай ичип койгон мен эки жүздүүмүнбү?

21 Чын куран 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

Бакивечилерди бийликке алып келгендер эки жүздүүбү же мен алар менен чай ичип койгон эки жүздүүмүнбү? Мындай пикирин ЖК депутаты Рыскелди Момбеков айтып чыкты.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Момбеков мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда иштеген генералдар Модомуса Конгантиев жана Нурлан Турсункулов менен эс алып отурган видео боюнча комментарий берди. Эл өкүлү «ачуу сын айтканым үчүн каралоо уюштуруп жатат» деп өкмөттү айыптады. Момбеков эки генерал апрель окуясы боюнча өз жазасын алганын белгилеп, Конгантиев менен Турсункулов 2017-жылы шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун штабында иштегенин эске салды.

«Биздин талапкер Сооронбай Шариповичтин штабында иштешти. Аны элдин баары билет. «Ушул президентке добушуңарды бергиле» деп үгүттөп жүрүштү. Турсункулов юстиция, Конгантиев ички иштер министри болуп турганда азыркы президентибиз айыл чарба министри эмес беле. Анда кандай болуп калат? Ким эки жүздүү болуп калат?» — деди депутат.

Момбеков азыр бийликтеги көпчүлүк кадрлар Бакиевдин убагында иштегенин кошумчалады. Ал эки генерал менен мамилеси бар экенине сыймыктанарын айтып, Бакиевдин тушунда иштеген бардык кадрларды кодулай берүү туура эмес деген оюн билдирди. 

Количество просмотров: 288