Депутат Рыскелди Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусунун түп нускасын вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдон сурай турганын айтты.
Ал өз сөзүндө комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган баяндамада айырмачылык болсо анда комиссияны сотко берерин билдирди.
«Клара Сооронкулова менен генерал Артур Капарович комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөнүн айтып жатса, толугу менен ишенем. Бул тастыкталса комиссиянын корутундуну өзгөрткөн мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, кайра жаңы комиссия түзүлүшү керек»,-деди Момбеков.
Эске салсак, Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова 17-декабрда комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырма бар экенин айткан.
Булак: «Азаттык«