«Азыр эми КСДП кыйын абалды баштан өткөрүп жатат. Менин өзүмө деле кыйын, анткени бир сөздү айтып койсоң, оо бул жакшы экен, Жээнбековдун кишиси экен, дагы бир сөздү айтып койсоң, Атамбаевдин кишиси экен дейт. Мындай эле көрүнүп турат да, өткөн бийликтин алгылыктуу иштерин айтып койсоң, бул Атамбаевдин “Адвокаты” дейт. Анан бүгүнкү иштерди мактасаң, Сооронбай Жээнбековдун кишиси экен, Атамбаевди саткан киши экен дейт. Чын-чынында партияда бөлүнүп жарылуу былтыр эле байкалып башталган. Акыркы съездден кийин билинип калган. Ошол эле Алмазбек Шаршенович өзү фракция депутаттарын чакырганда кимдер барды, кимдер барган жок, андан кийинки съездге кимдер барды, кимдер барган жок, андан кийинки саясий кеңештин отурумуна жарымынын барып, жарымынын барбай жатканы бөлүнүүдөн кабар берет».
https://www.youtube.com/watch?v=XtrafKLL_eo&feature=youtu.be