• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Москва-Лондон тиреши. Англиядан орусиялык дипломаттар чыгарылат

15 Жалган куран 2018 9:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.03.2018. Govori.TV.
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги Сергей Скрипаль менен анын кызына кол салуу фактысын иликтөө үчүн чукул жыйынга чогулду. Алар 4-мартта Улуу Британиянын Солсбери шаарында адамдын нерв системасын сенек кылчу зат менен ууландырылып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилишкен. centralasian.org сайты билдирет.
Улуу Британиянын БУУдагы өкүлү Жонатан Аллен Скрипал менен кызы ууландырылган делинип жаткан затты өндүрүү программасы тууралуу Орусия билдирбегенин белгиледи. Айтымында, муну менен Москва Химиялык куралга тыюу салуу Конвенциясын бузган. Аллен мындай затты өндүрүү оор процесс болгондуктан, ага мамлекеттин тиешеси болгон деп айтууга негиз бар деп эсептейт.
Өз кезегинде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли бул маселеде Вашингтон Лондондун билдирүүсү менен макул экенин жарыялады. Анын айтымында, АКШ бийлиги Солсберидеги кол салуу үчүн Орусия жооптуу деп эсептейт. Хейли Москваны бул боюнча тергөө менен кызматташууга чакырды.
Өз кезегинде Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Солсберидеги окуяга Москванын тиешеси жок экенин билдирди. Ал Скрипал ууландырылган химиялык зат Улуу Британияда өндүрүлгөн болушу мүмкүн деген божомолун айтып, Орусия британ тараптан БУУнун Конвенциясына ылайык сурам албаганын белгиледи. Ошол эле маалда Небензя Москва «Скрипалдын иши» боюнча тергөө менен кызматташууга даяр экенин кошумчалады.
14-мартта Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Скрипалдын ууландырылышына Орусияны айыптап, өлкөдөн 23 орусиялык дипломатты чыгара турганын билдирген. Орусия ТИМи Москва жакынкы убакта жооптуу чара көрөрүн жарыялады.
Сергей Скрипаль – Башкы чалгын башкармалыгынын мурдагы полковниги. Орусияда ал Улуу Британиянын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен соттолгон. 2010-жылы ал АКШда айыбы ачылган орусиялык тыңчыларга алмаштырылган. 4-мартта Скрипал менен кызы Юлия адамдын нерв системасын сенек кылчу зат менен ууландырылып, оор абалда ооруканага жеткирилишкен. Алардан тышкары иликтөөгө катышып жаткан полициячы дагы ооруканага түшкөн. Бул кол салуудан бир нече күн мурда орус тыңчысы британ полициясына өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирген.
Количество просмотров: 25