• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Москва районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

9 Жалган куран 2021 14:06 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын август айынын орто ченинде Москва районунун ички иштер бөлүмүнө 1983-жылы туулган М.Ш. арыз менен кайрылып, буга чейин тааныш болуп жүргөн эркек киши анын ишенимине кирип, 2019-жылдын ноябрь айында арыздануучунун автоунаасын карызга алып, 2020-жылдын июнь айына чейин бөлүп төлөп берүүгө убада кылып, ошол боюнча жашаган жерин башка жака которуп, акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат боюнча, бул окуя кылмыштардын жана жоруктардык бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган С.Р. аттуу Садовое айылынын жашоочусу кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жаран автонунаанын ээсинин уруксааты жок, документтерди жасалмалап, автоунааны өзүнө өткөрүп алганы белгилүү болгон.

Шектүү жаран Москва РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 82