• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды

23 Жетинин айы 2022 12:17 Бишкек Govori.TV

Москвада кыргыз жаранынын өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу 22-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Киши колдуу болгон сөөк табылганына байланыштуу окуя тууралуу кыска маалымат берген мекеме ал адам Кыргызстандын 50 жаштагы жараны экенин, Москвада такси айдоочусу болуп иштеп жүргөнү аныкталганын маалымдады.

Факты боюнча Москванын Кунцево райондор аралык тергөө бөлүмүндө Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси («Адам өлтүрүү») менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлө баштады.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ТИМдин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 «Жүк-200» келсе, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди.

Количество просмотров: 310