• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Москвада издөөдө жүргөн кыргызстандык 35 жаштагы жаран кармалды

14 Жетинин айы 2019 9:15 Бишкек Govori.TV

Москвада кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 1984-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды кармашты. Нарын облусунун тургуну Б.К. алдамчылык боюнча шектелип Октябрь РИИБдин тергөө органдарынан изин жашырып качып жүргөн.

«Ал 2017-жылдын жазында чала тааныш адамдын ишенимине алдоо жолу менен кирип, «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү автоунаасын ээлеп алган. Башында 90 күнгө автоунаасын ижарага алып, андан соң үчүнчү жакка сатып жиберип, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен. Болжол менен жабырлануучуга 280 миң сом өлчөмүндө чыгым келтирген», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 342