• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Москвада метродон кызга кол көтөргөн улутчул 10 суткага камалды

16 Жетинин айы 2018 11:23 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.11.2018.Govori.TV.
Москвадагы “Менделеев” метросунда кызды урган улутчул 10 суткага камалды.
Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматына жабырлануучунун адвокаты Максим Завертяев билдирди.
Москвалык Валентина Ингсоц метрону жаңыртып “Москвалык такырбаштар” деген ырды ырдап келаткан жүргүнчүгө сын айткан. Ага жооп кылып Максим Викторов аттуу жаран Валентинаны башка бир нече ирет уруп жиберген. Кыз полицияны чакырган, бирок алар кол көтөргөн жаранды кармашкан эмес.
Окуя август айында болгон. Жабырлануучу “Жарандык аракеттер” уюму менен биргеликте улутчулду жоопкерчиликке тартууга жетишкен.
15-ноябрда Тверь райондук соту Максим Викторовду “уруп-сабоо” беренесинин негизинде 10 суткага камады.
Количество просмотров: 24