• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвадагы метродо адам өмүрүн сактап калган кыргыз жигити

11 Жалган куран 2021 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда төрөлгөн Сыймыкбек Алмазбек уулу Москвада метронун рельсине кулап түшкөн жаранды куткарып калды. Маалыматты жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, окуя 9-мартта болгон. «Текстильщики» метросунун рельстеринин бирине кулап түшкөн адамды куткарып калган. Жабыркаган орус улутундагы адам мас абалында болгон.

«Бул инимдин аты Сыймык. Атына заты жарашкан өзү да сыймыктантчу бала. 9-март күнү Москва шаарындагы «Текстильщики» метросунун станциясынын рельсине кулап түшкөн орус улутундагы мас адамды өзүнүн жанын тобокелге салып алып чыкты. Ооба, жалгыз эмес. Жанында чечен улутундагы жигит да бар болчу. Мындай чукул кырдаалда өз жанын тобокелге салып, башканын жанын сактап калуу ар бир адамдын колунан келе бербесе керек. Ал жерде канчалаган орустун эргулдары туруп жардамга кол суна алган эмес. Бул жигит өтө жөнөкөй, кичи пейил, Куранды жатка билген кары жигит. Бар бол. Биз сени менен сыймыктанабыз!», — деп жазган интернет колдонуучу Кенжебек Шайлообаев.

Белгилей кетсек, Сыймыкбек Алмазбек уулу 21 жашта, бүгүнкү күндө Россиянын жараны.

Количество просмотров: 211