• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мотуевди сабап, тоноп кеткен шектүү кармалды. Милиция уруш эмнеден чыкканын айтты

21 Аяк оона 2022 12:25 Бишкек Govori.TV

Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалып, уруш өз ара келишпестиктен чыккандыгы такталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Свердлов райондук милициясына Нурлан Мотуев арыз менен кайрылган. Ал өз арызында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп сабап, кара түстөгү барсеткасын тартып алганын, ал барсетканын ичинде көк түстөгү “Самсунг А31” үлгүсүндөгү уюлдук телефону, 32 000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты, паспорту жана арыз ээсинин пенсиялык күбөлүк болгонун билдирген.

Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМ тараткан маалыматка ылайык, кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган Жалал-Абад облусунда 1987-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалган.

«Ал унаа уурдагандыгы үчүн жана каракчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылып, 2014-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясына чыгарылган. Ал Нурлан Мотуев менен 2016-жылы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясынан таанышкандыгы белгилүү болду.

Алгачкы ыкчам тергөө процессинин жүрүшүндө кармалган Б.И. менен Н.Мотуевдин ортосунда келишпестик пайда болуп, андан өч алуу максатында эки тааныш баласы менен келип, Москва жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинен Н. Мотуев келе жатканда сабап, барсеткасын алып кеткендигин суракта билдирди. Кармалган кылмышка шектүү жаран Н. Мотуевди алты жылдан бери абдан жакшы тааныгандыгы, жашаган жерин билгендиги, аны сабап кетүүгө Нурлан Мотуев өзү себепкер экени, негизгиси маселе ортодогу келишпестиктен улам өч алуу максатында сабап кеткендиги аныкталды. Кармалган шектүү жаран айдап жүргөн “Део-Нексия” үлгүсүндөгү автоунаасы Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин короосуна киргизилип жана кылмышка шектүү катары кармалган жаран Б.И. Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 13625