• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Мугалимди ким коргойт?». Жарандык активист жалгыз пикетке чыкты

27 Үчтүн айы 202215:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-январда Бишкектеги Билим берүү жана илим министрлигинин имаратынын алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жалгыз пикетке чыкты.

 Ал «Мугалимди ким коргойт?» деген жазуусу бар плакатты кармап турду.

Буга чейин соцтармактарда мугалим менен окуучунун сабак учурунда кармашып жаткан видеосу тараган. Окуя Лебединовкадагы мектепте болгону маалымдалып, ата-энелер нааразы пикрлерин айтып чыгышкан. Көп өтпөй мугалим жумуштан кеткен.

Социалдык тармактын колдонуучулары дагы мугалимге жасалган мамилеге нааразы пикирлерин калтырышууда.

Количество просмотров: 97