КСДП фракциясы премьер-министрликке ушу тапта президенттин аппаратын жетектеп жаткан Мухаммедкалый Абылгазиев тууралуу маалымат.
-Мухаммедкалый Абулгазиев 1968-жылы 20-январда Кочкор районунда туулган. Орто билимди Дөң-Алыш айылындагы Көкөбай Мамбеталиев атындагы жалпы билим берүү мектебинен алган.
-1994-жылы Фрунзе шаарындагы Константин Скрябин атындагы айыл чарба институтун «агроном» адистиги боюнча аяктаган. Андан кийин «Кыргызстан» финансы-агроөнөржай ишканасынын директор орун басары, «Ажар» ишканасынын аткаруучу директору болуп иштеп жүрүп, Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин бүтүргөн.
-2010-жылдан тарта 2016-жылга чейин Мухаммедкалый Абылгазиев КРдин Социалдык фондусун башкарган. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында аталган тармакты мынчалык узак убакыт башкарган жетекчи боло элек. Ал жетекчи болгонго чейин дагы бир нече жыл бул системада эмгектенген..
-Ал эки уул, эки кыздын атасы. Улуу балдары студент. Эки кичүү баласы Бишкек шаарындагы мектептердин биринде окушат.