• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев: ЕАЭБдин алкагында «эпке келүү механизми» деп аталган тажрыйбаны активдүү жүргүзүүбүз керек

26 Тогуздун айы 2019 10:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңири курамдагы жыйынына катышты.

«Бүгүнкү биздин жолугушуубуз белгилүү бир мүнөзгө ээ. Быйыл  ЕАЭБ жөнүндөгү Макулдашууга кол коюлганынын беш жылдыгы белгиленет. Бул беш жылдык биздин уюм үчүн жооптуу мезгил болду. Экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана ресурстары, өздөрүнө гана мүнөздүү болгон тарыхы, маданияты жана салт-санаасы ар түрдүү болсо дагы биздин мамлекеттер учурдун чакырыктарына каршы туруу үчүн бирикти. Мындай тарыхый чечимдин натыйжалуу максаты – бул биздин элдердин кызыкчылыктарын коргоо жана алардын социалдык-экономиалык абалын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жетишүү. Биз туура жолдо бара жатканыбызды убакыт өзү көрсөттү», — деди Премьер-министр.

Премьер-министр ЕАЭБдин алкагындагы иштер пландуу түрдө жүзөгө ашырылып жатканын белгиледи.

«Жылдын башында уюмдун алкагында үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода жүгүртүү зонасы жөнүндө бир катар Макулдашууларга кол коюлду. Өкмөттөр аралык кеңештин көп сандаган актылары кабыл алынды, бажы төлөмдөрү шайкеш келтирилди, газ, мунай жана электр энергиясы боюнча жалпы рынокту түзүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат. Жылдан-жылга ЕАЭБке мүчө-мамлекеттер жогорку тилектештигин көрсөтүп, конструктивдүү негизде жана компромисстик духта биригүү иштерине катышууда. Башкача айтканда, биздин өлкөлөрдүн экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн кадам сайын бекем негизди түзүп бара жатабыз. Бардык тараптар бул аракеттерди колдойт деп ишенебиз», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ошол эле учурда ЕАЭБдин келишимдик-укуктук базасынын жетишпеген жактарына, ар кандай тоскоолдуктарга жана ички рыноктогу чектөөлөргө байланыштуу бир катар кыйынчылыктар бар экенин белгиледи. 

«Биз бул жөнүндө бир нече жолу айтканбыз. Бул маселе боюнча ачык диалог жүргүзүүнү жана жакшы иштерди жайылтууну сунуш кылам. Мындай уюмдардын дүйнөлүк тажрыйбасы көрсөткөндөй, келишимдеги бир тарап өзүнүн кызыкчылыгы үчүн чыкса, башка катышуучулар зыян тартат. Эгер биз интеграциялык биримдик бекем жана жөндөмдүү болсун десек, өнөктөштөрдүн кызыкчылыгына каршы келбегендей,  «эпке келүү механизми» деп аталган тажрыйбаны активдүү жүргүзүүбүз керек», — деди Премьер-министр.

Өкмөт башчы ЕАЭБдин ичинде тараптардын кайрылуусуна өз учурунда  жооп кайтарылбай, адаттагыдай кароону созгондугу интеграциянын ишинин жүрүшүнө терс таасирин тийгизерин белгиледи.

«Бул маселени чечүү үчүн натыйжалуу механизмди жакынкы убакыттын аралыгында иштеп чыгуу зарыл. Буга байланыштуу координациялык ишти Евразиялык экономикалык комиссия алып баруусу керек. Дал ушул орган  кайрылууларга так жооп кайтарып, тиешелүү чечимдерди кабыл алуусу шарт», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр бүгүн тар чөйрөдө ачык жана мазмундуу сүйлөшүү жүргөнүн белгиледи.

«Биз Комиссиянын ишмердүүлүгү менен таанышып, анын жыйынтыктары боюнча отчётун бекиттик, алкоголь рыногун жөнгө салуу жөнүндө келишимди карадык, ЕЭКтин мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүнүн тартибин талкууладык», — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр кыргыз тараптын демилгеси менен Россия Федерациясынан Кыргыз Республикасына которулуп жаткан акча каражаттарынын чектөө маселеси да талкууланганын белгиледи.

«Бул маселе биздин көптөгөн мекендештерибизге тиешелүү болгондуктан, мындай көйгөйлөрдү Биримдиктин аянтчасында чечүү керек», — деп билдирди Премьер-министр.

Анын айтымында, бүгүн кенен чөйрөдө Биримдиктин ишинде артыкчылыктуу жана манилүү багыттар талкууланды.

«Бир тарабынан ЕАЭБ жана ага мүчө-мамлекеттердин жана экинчи тарабынан Кытай Эл Республикасынын ортосунда соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө Макулдашуунун күчүнө киришине байланыштуу Арыздын долбоорун кароо пландалууда. Айрым белгилүү экономисттер бул Макулдашууга кол коюлгандыгына байланыштуу позициялардын теңсиздиги тууралуу кооптонууларды айтышканын билем. Биз мында Кытайдын ийгиликтүү өнүгүп жаткан экономикасы ЕАЭБ экономикасы үчүн кубаттуу дем болорун эске алышыбыз керек. Бул өлкөдө 1,5 млрд адам жашайт. Бул ири рынок. Жакынкы келечекте бул Макулдашуудан бардык тараптар утат. ЕАЭБде үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүүдө. Вьетнам, Сингапур Республикасы, Иран Ислам Республикасы менен эркин соода аймагы тууралуу Келишимге кол коюлган. Бүгүн Сербия Республикасы менен Макулдашууга кол коюу күтүлүүдө. Бул ЕАЭБ жагымдуу жана ишенимдүү уюм катары калыптанып жаткандыгынын ачык далили», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Количество просмотров: 120