• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

МУКК: Эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды

17 Аяк оона 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.09.2018. Govori.TV
 КР МУКК тарабынан Сирия аймагындагы бандиттик түзүмдөрүнүн курамында согуш аракеттерге катышып, террордук актыларды даярдоо максатында жиберилген эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) согушкерлеринин Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында улантылып жаткан контртеррористтик иш чаралардын алкагында, 1997-жылы туулган  КР жараны «Б.Ш.»кармалды. Бул туурасында  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматта кармалган жаран «Б.Ш.» акыркы жылдары жакынкы өлкөлөрдүн биринде болуп, ЭТУ башчыларынын тапшырмасы боюнча, бантиттик түзүмдөрдүн курамына кошулуп согуш аракеттерге катышуу үчүн Сирияга кеткени аныкталды.
Азыркы убакта МУКК органдары тарабынан бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 27-226-4- (Кыргыз Республикасынын жараны чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылыштарга же согуштук аракеттерине катышуусу же террорчулук жана экстремисттик даярдыктан өтүшү) беренеси жана 299-1(Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан иш-аракет) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Кармалган адам КР МУКК Тергөө КАМАК жайына киргизилди.
Учурдла тергөө иштери  жүрүп жатат.
Количество просмотров: 23