• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Мурат Раматов Жети-Өгүз районунун акими болуп дайындалды

21 Бештин айы 2018 14:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз райондук администрациясынын башчысы болуп Мурат Раматов дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Жаңы акимди 21-декабрда Жети-Өгүз районунун активине өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев тааныштырды.

2014-жылдан бери бул кызматты Калысбек Жүдеев аркалап келген. Ал облус башчысынын сунуштамасы менен иштен кеткен.

45 жаштагы Мурат Раматов Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 2014-2016-жылдары Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары болуп иштеген. 2017-жылдан ушул убакыта чейин Барскоон айыл аймагынын депутаты болуп турган. 

Теги:
Количество просмотров: 36