• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды

10 Жалган куран 2023 12:05 Бишкек Govori.TV

Баткенде мурда соттолгон жаран уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Боз-Адыр айлынын 47 жаштагы тургуну өзү жашаган турак үйүнүн ашканасынан 16 кап өрүгүн белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул факт Баткен РИИБде КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурулук») менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Баткен РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Баткен шаарынын 24 жаштагы тургуну Н.А. аныкталып кармалды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын буга чейинки кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми уурдалган өрүк өз ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 84